7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аткезчилик жол менен ташылып келген 12 тонна мандарин алынды

808

 

Аткезчилик жол менен ташылып келген 12 тонна мандарин алынды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын Баткендеги башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү жана ташып чыгуу фактыларын табууга жана бөгөт коюуга багытталган иш-чаралардын жүрүшүндө, Мамлекеттик бажы кызматынын Баткендеги кызматкерлери УКМКнын Баткендеги кызматкерлери менен биргеликте Кыргыз Республикасына чектеш мамлекеттен мыйзамсыз товар ташып келүү боюнча 3 фактыны аныкташты.

Алар 3-мартта Баткен шаарында КРдин жаранынын башкаруусундагы «Mercedes-Benz Sprinter» үлгүсүндөгү автоунааны токтотуп текшеришкен. Текшерүү учурунда 4100 кг салмактагы мандариндин мыйзамсыз ташылып келе жатканы аныкталган.

Мындан сырткары, 4-мартта Баткен шаарында КРдин жаранынын башкаруусундагы «Mercedes-Benz Sprinter» үлгүсүндөгү автоунааны токтотуп текшеришкен. Текшерүү учурунда 3600 кг салмактагы мандариндин мыйзамсыз ташылып келе жатканы аныкталган.

Ошондой эле, ушул эле күнү Баткен шаарында КРдин дагы бир жаранынын башкаруусундагы «Mercedes-Benz Sprinter» үлгүсүндөгү автоунааны токтотуп текшеришкен. Текшерүү учурунда 4360 кг салмактагы мандариндин мыйзамсыз ташылып келе жатканы аныкталган.

Бул фактылар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө өткөрүлүп берилди.

809