7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Айпери Медет кызы мурда жеңилип калган атаандашы менен алтын үчүн күрөшөт

1092

Айпери Медет кызы Казакстанда өтүп жаткан кыз-келиндер арасында күрөш боюнча Азия чемпионатынын финалына чыкты.

Медет кызы чемпионаттын чейрек финалынан баштап биринчи орун үчүн кармашты баштады. Ал 76 кг салмакта алгач индиялык Прия аттуу спортчунун далысын жерге басып, таза жеңишти камсыздады. Ал эми финалга чыкчу кармашта кыргыз кызы япониялык Мизуки Нагасиманы 3:2 эсебинде артта калтырды.

Ал эми алтын үчүн кармашта Айпери Медет кызы казакстандык Элмира Сыздыкова менен күрөшөт.

Эскерте кетсек, 2021-жылы өткөн Азия чемпионатында Медет кызы дал ушул Элмира Сыздыковага финалда жеңилип калган.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1093