Жогорку Кеңештин 4-5- чакырылышынын депутаты Нарынбек Молдобаев Садыр Жапаровдун Конституциянын жаңы долбоору тууралуу 7-каналга берген ачык маеги тууралуу өз пикирин билдирип, учурда өлкөдө саясий күрөш жүрүп жаткандыгын билдирди.
«Садыр Жапаровдун Конституция боюнча өзүнүн оюн айтып, элге түшүндүргөнүн мен туура эле көрдүм. Эл албетте «тоталитардык режимге келип калат, тиран келип калат анткени болгон бийликтин баары бир колго топтолсо абдан жаман болот, Түркмөнстандай болуп калабыз, премьер-министрдин аты бар заты жок болсо Жогорку Кеңештин ролу жок болуп калат экен», — деген сөздөр катуу тарап, эртең чын эле 1937-жылга түшүп калабызбы, туура эмес сүйлөсөк камалабызбы деген коркунуч менен туура эмес түшүнүп алып карама-каршы чыгып жаткандары ошондон. Айрым чоң саясатчыларды байкасаңар Конституцияга тили келбей эле Конюстутция деп жатышат. Азыр өлкөдө чоң кармашуулар болуп жатат. Анын чекесин Садыр түшүндү окшойт, андай болсо мыйзамга тууралайлы, каалашынчы убакыт берели, Конституциялык кеңшме түзөлү деп Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытовдун жарлыгы менен Кеңешме түзүлдү. Ал жерде жарандык коомдодон баштаган, юрист, Конституцияга анча-мынча аралашкан кишинин баары бар, бирок дагы эле 86-90га жакын экен, ошолордун санын 100гө жеткирели деп жатышат. Эми мунун баары күрөш, болгондо дагы саясий күрөш. Биз жем болуп калбайлы, эртең биз репрессия болуп кетпейли дегендер», — дейт ал түз эфирде.