7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Айрым товарлардын акциздик бааларын көтөрүү сунушталды

243

Экономика министрлиги бир катар товарга акциздик салыкты акырындан көтөрүүнү сунуштады. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Ага ылайык, 2029-жылдын башына чейин бозо, максым жана жарма үчүн акциздик салык алынбайт.
2026-жылдан тартып кант кошулган газдалган жана даам берилген суусундуктар үчүн акциз литрине 3 сомдон 4 сомго, 2027-жылы 5 сомго көтөрүлөт.

Алкоголдук суусундуктарга дагы акциздик салыктарды көтөрүү мерчемделген.энергетикалык суусундуктар боюнча акциз 2026-жылдан 2029-жылга чейин 6 сомдон 15 сомго чейин көтөрулөт. Белгиленгендей, бул чаралар бюджетке киреше тартуу менен калктын зыяндуу суусундуктардан баш тартуусун шарттайт.

Айрым импортерлор суусундуктарды «балдар тамагы» катары каттатып, акцизден качканы аныкталган. Мындан улам аларды акцизден бошотуу жана маркалоо талаптарын жокко чыгаруу сунушталып жатат.

Буга утурлай эле 1-январдан тартып күйүүчү майларга акцизди көтөрүү сунушталды. Ага ылайык, ставка төмөнкүдөй:
-бензинге — тоннасына 5 миң сомдон 7 миң сомго;
-дизелдик майга — 400 сомдон 2 миң сомго;

Министрлик 10 жылдан бери күйүүчү майга болгон акциз салыгы өзгөртүлбөгөнүн, ошол эле учурда анын чекене баасы эки эсеге жогорулаганын белгиледи.

244