Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова (62 кг) Кытайда өтүп жаткан Азия оюндарынын чейрек финалына чыкты.
Ал бүгүн, 6-октябрда таймашка чыгып, беттешти 1/8 финалдан баштады. Биринчи беттешинде таиланддык Салини Шрисомбат менен кез келип, мөөнөтүнөн мурда 4:0 эсебинде жеңди. Белгилей кетүүчү нерсе, балбан кыз 14 секундда атаандашынын далысын килемге басып, таза жеңишти камсыздады.
Эми ал чейрек финалда япониялык Нонока Озаки менен күрөшөт.
Посмотреть эту публикацию в Instagram