7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Айсулуу Тыныбекова: «Мен үчүн жеңишти көздөй бет алуу узак жана татаал жол болду»

711

Азиянын бешинчи ирет чемпиону болгон Айсулуу Тыныбекова жеңишинен кийин билдирүү калтырды.

«Биздин капчыкта дагы бир алтын медаль! Кубанып, сыймыктанып турам! Мен үчүн жеңишти көздөй бет алуу узак жана татаал жол болду… Жылдын өзү дагы көп сыноолор менен коштолду. Мени колдоп, мага ишенгендердин баарына терең ыраазычылык билдирем! Бул жеңиш меники эле эмес, жалпыбыздын жеңишибиз! Сиздерге чоң рахмат!»- деген балбан кыз.

Белгилей кетсек, Айсулуу Тыныбекова 62 кг ченде монголиялык Орхон Пуревдоржду 9:5 эсебинде жеңип, алтын медаль тагынды. 2018-жылы Айсулуу Тыныбекова дал ушул спортчуга Азия оюндарынын финалында утулуп калган.

Учурда кыз-келиндер Кыргызстан курамасында үч медаль бар. Айсулуу Тыныбекова алтын, Айпери Медет кызы күмүш, Калмира Билимбекова коло медалдын ээси болду.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

712