7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Айыл Банк» баалуу металлдар менен операцияларды жүргүзүүгө уруксат алды

99

«Айыл Банк» ААКка баалуу металлдар менен накталай формада операцияларды жүргүзүү укугу берилди. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Финансылык жөнгө салуучу органдан билдиришкендей, эми «Айыл Банк» ААК башка эмитенттердин төмөнкү баалуулуктары менен операцияларды жүргүзүүгө мүмкүндүк алат:

  • аффинаждалган стандарттык жана өлчөнгөн куймалар;
  • жогорку сапат белгисине ээ күмүш, алтын, платинадан жасалган монеталар.

Бул уруксат «Айыл Банкка» Кыргызстандагы баалуу металлдар рыногунда өз кызматтарынын спектрин кеңейтүүгө жана кардарларына баалуу металлдарды сатуу жана сатып алуу боюнча кошумча мүмкүнчүлүктөрдү берүүгө шарт түзөт.

Ошондой эле «Берекет Банк» ЖАКка улуттук жана чет өлкө валютасында банк операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия берилди.

100