7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президенттин “Жашыл мурас” жарлыгына ылайык Маданият министрлиги 115 көчөт отургузду

391

Маданият маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин аймагында ишембилик уюштурулуп, Кыргыз Республикасынын Президентинин «Жашыл мурас» жарлыгын ишке ашыруунун алкагында 115 көчөт отургузулду.

Иш-чарага министрликтин жана маданият мекемелеринин кызматкерлери активдүү катышып, айлана-чөйрөнү жашылдандырууга өз салымдарын кошушту. Отургузулган көчөттөрдү мындан ары да багып-өстүрүү максатында жамаат тарабынан үзгүлтүксүз көзөмөл жүргүзүлөт.

Мындай иш-чаралар шаар экологиясын жакшыртууга, жашыл аймактарды көбөйтүүгө жана жарандардын экологиялык маданиятын жогорулатууга багытталган.

 

392