7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Айыл чарба аянтында квадроциклдер үчүн айдоо жол уюштургандардын иши токтотулду

0

Айыл чарба аянтында квадроциклдер үчүн айдоо жол уюштургандардын иши токтотулду. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, атайын комиссия түзүлүп, Кашка-Суу айылында жайгашкан “Buggy Drom” багги-картинг объектисине текшерүү жүргүзүлгөн.

Текшерүүнүн жүрүшүндө аталган аймакта квадроциклдер үчүн айдоо жолу уюштурулуп, ал автоунаа дөңгөлөктөрү менен тосулгандыгы аныкталган. Ошондой эле аймакта көмөкчү курулмалар — контейнер жана гараж жайгашып, алар техникаларды сактоо жана тейлөө үчүн пайдаланылып жаткандыгы белгилүү болду.

Маалым болгондой, айыл чарба багытындагы жерди электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн тиешелүү уруксат берүүчү документтери жок кабель тартылган. Текшерүү учурунда электр тогу өчүрүлгөн абалда болгон. Мындай аракеттер, ошондой эле жер тилкелерин максатсыз пайдалануу Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын одоно бузуу болуп эсептелет. Ошондой эле объект тиешелүү долбоордук-уруксат берүүчү документтери жок иштеп жаткандыгы аныкталды. Натыйжада, жазуу түрүндө расмий эскертүү берилип, бардык аныкталган мыйзам бузуулар жоюлганга чейин “Buggy Drom” объектисинин ишмердүүлүгү токтотулду.

Аныкталган мыйзам бузууларды жоюу боюнча көзөмөл улантылат жана мыйзам чегинде тиешелүү чаралар көрүлөт.

1