7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Айыл чарба министрлиги чет жерде жүргөн мекендештер менен кызматташууга даяр

200

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги чет өлкөдө эмгектенип жүргөн жарандарга кунарсыз жерлерди өздөштүрүп, жаңы киреше булагын түзүүгө тиешелүү шарттарды түзүп берүүгө даяр. Бул тууралуу аталган министрлик билдирди.

Учурда республика боюнча 614 миң гектар кунарсыз жер аныкталган. Бул участоктор №243 токтомдун негизинде бардык жарандарга өздөштүрүү үчүн берилет. Министрлик бул аймактарды иштетүү менен ар бир жаран туруктуу киреше таба аларын, ал эми өлкөбүздү болсо жашыл аймакка айлантууга чоң салым кошоорун белгилейт.

Министрлик ар бир жаранга колдоо көрсөтүүгө жана жер иштетүүгө толук шарт түзүүгө даяр.

201