7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Айыл чарбасын каржылоо — 9» долбоорун ишке ашыруу башталды

225

«Айыл чарбасын каржылоо — 9» долбоорун ишке ашыруу башталды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов кол койгон. Аталган чечим жазгы талаа жумуштарын ийгиликтүү ишке ашыруу жана айыл чарба субъекттерин өз учурунда каржылоо максатында кабыл алынган.

Долбоордун максаттуу тармактары болуп мал чарбачылыгы, өсүмдүк өстүрүү жана айыл чарба азыктарын кайра иштетүү саналат.

Долбоор алкагында тармактарга жараша, жылына 6%,8% жана 10% өлчөмүндөгү пайдалуу коюмдар менен 60 айга чейинки насыя мөөнөтү каралган:
 •  Мал жана өсүмдүк өстүрүү категориялары үчүн жылдык 10% үстөк;
 •  Долбоорго катышкан кайра иштетүүчү тамак-аш өнөр жайы ишканалары менен келишимдерди жана/же контракттарды түзүүгө милдеттенген мал чарбачылыгы жана өсүмдүктөрдү өстүрүү категориясындагы чарбалык субъектилер үчүн жылдык 8% үстөк:      
— өсүмдүктөрдү өстүрүү категориясындагы төмөнкү чарба субъектилери үчүн:      
1) сугаруунун сууну үнөмдөөчү технологиялары – тамчылатып сугаруу, жамгырлатуу;  
2) күнөскана чарбалары;  
3) интенсивдүү багбанчылык;  
4) органикалык айыл чарба өндүрүшү.
 • кайра иштетүү тамак-аш өнөр жайы ишканалары үчүн жылына 6% үстөк каралган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

226