7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Айыл чарбасын өнүктүрүүгө $40 млн каралат

384

Өлкөдө айыл чарбасын өнүктүрүүгө 40 млн доллар каралат. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 13-декабрда министр Алмаз Бакетаев менен Азия өнүктүрүү банкынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлчүлүчүлүнүн директору Чжэн Ву “Айыл чарбасында климаттын өзгөрүшүнө туруктуу кошумча нарк чынжырчаларын өнүктүрүү” долбоору боюнча эки тараптуу кредиттик жана гранттык макулдашууга кол коюшту.

«Аталган долбоорго Азия өнүктүрүү банкы тарабынан жалпы суммасы 40 млн АКШ доллары каржыланат, анын ичинен 20 млн доллары грант болуп саналат.

Иш-чаранын жүрүшүндө Алмаз Бакетаев бүгүнкү күндө каржы системасынын ресурстарын мобилизациялоо боюнча чараларды стимулдаштыруу жана айыл чарба тармагын колдоо максатында республикалык бюджеттен 17 млрд сом «Агроөнөр жай комплексин кредиттөө» долбоору боюнча каралганын баса белгиледи» — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда Азия өнүктүрүү банкы менен биргеликте багбанчылыкта кошумча нарк чынжырынын катышуучуларын колдоо боюнча долбоору иштелип чыккан. Долбоордун максаты — катышуучу каржы институттары аркылуу нарк чынжырынын катышуучуларына насыя берүү.

Анын ичинен 3 млрд сомдон ашууну (36 млн АКШ доллары) тандалган кошумча нарк чынжырчасынын катышуучуларына жеңилдетилген кредиттерди берүүгө каралган.

385