5-декабрда козголгон кылмыш ишинин алкагында Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн орун басары УКМКнын кызматкерине 100 миң сом өлчөмүндө пара берип жаткан жеринен кармалды.
Такталгандай, УКМК кызматкерине Тоң районунун Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары тарабынан 2,5 млн сомго автотранспорт каражаттарын сатып алуу боюнча өткөн тендердеги КР мыйзамдарын бузууларды текшерүүнү токтотуу маселесинде оң чечим чыгаруу үчүн пара катары берилгени аныкталды.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.