Жети-Өгүз районуна караштуу Кызыл-Суу айылынынын тургуну 60 жашты таяп калган Болотбек Абдыкеримов мындан 6 жыл мурун ар кандай көлөмдөгү майда-брат тал-терек, чырпыктарды тез таарый турган апарат ойлоп таап, ишке киргизген.
Анын бул аппаратты ойлоп табуусуна бак-дарактардын ичке кыйындыларын балта менен кертүү көп убакытты жана күчтү талап кылган. Андан арылуу максатында дал ушул аппаратты ойлоп тааап ишке киргизген. Эми ар кандай көлөмдөгү бутактарды отунга кертүүдө эч кыйынчылыктар жаралбай тургандыгын баса белгиледи.
Эми бул аппараттын жардамы менен бак-дарактардын кыйылган бутактарын тез арада отунга ылайыкташтырып кертип алууга мүмкүнчүлүк жаралууда.
Ишкер эгер жарандар бул өңдүү отун керткичтерди жасатууга буйрутма берсе аны жасап бере турганын билирди. Ошол эле учурда даяр отун керткичти 1-2 күнгө чейин ижарага берерин да баса белгиледи.