Ак-Буурада чоң өзгөрүү: Тазалоо иштери жыйынтык берди
19
Өлкө башчы Садыр Жапаров тарабынан көрсөтүлгөн колдоонун негизинде Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясы боюнча масштабдуу тазалоо иштери жүргүзүлдү. Анын алкагында дарыя жээгиндеги таштандылар толугу менен чыгарылып, суунун табигый агымына тоскоол болгон факторлор жоюлду.
Учурда дарыянын айланасын көрктөндүрүү иштери улантылып, жээк тилкелери заманбап талаптарга ылайык иретке келтирилип, мрамор таштары менен кооздолууда.
Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында Ак-Буура дарыясы экологиялык жактан таза, коопсуз жана шаар тургундары үчүн жагымдуу эс алуу аймагына айланууда.