10-апрелде Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл аймагындагы Ак-Буура дарыясынын жээгинен эркек кишинин жансыз денеси табылган. Маркум 31 жаштагы Өзгур айылынын тургуну экендиги такталды. Бул тууралуу Ош ОИИБнин басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди.
Маалыматка караганда, текшерүүнүн жыйынтыгында 10-апрель күнү аталган факты боюнча өлүктү табуу белгиси менен сотко чейинки кылмыш иш ачылган. Бүгүнкү күндө тергөө амалдары жүрүүдө. Кылмыш иш боюнча окуя болгон жерге кароо жүргүзүп, жансыз денеге карата соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Маркум Ош шаарынын Жапалак айыл аймагындагы Озгур айылынын 1990-жылы туулган тургуну С. уулу Ө. экендиги маалым болду. Ал 2017-жылдан баштап психикалык жактан ооруп каттоодо турган. Акыркы учурда ага көңүл бурулбай, өз маалында дарыланбай калгандыгы аныкталган. Апасы каза болгон. Атасы О.С. 66 жаштагы пенсионер. Маркумдун үй-бүлөсү жок. Маркум атасы менен бирге жашап келген.