7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Ак илбирс» экологиялык коридору түзүлдү

287

Ысык-Көлдө «Ак илбирс» экологиялык коридору түзүлгөнүн Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.

Аталган корук жаныбарларды, өсүмдүктөрдү жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоого багытталып, жалпы аянты 792 миң гектарды түзөт. Ал «Хан-Теңири» жаратылыш паркын, Сарычат-Ээрташ жана Нарын коруктарын бириктирет.

Экологиялык коридордун аймагында төмөнкүлөргө тыюу салынат:

  • өсүмдүктөрдү жана жаныбарларды интродукциялоого (көчүрүү);
  • аймактагы өсүмдүктөргө зыян алып келүүчү химиялык, минералдык жана уулуу заттарды колдонууга, сактоого;
  • радиоактивдүү материалдарды жана таштандыларды көмүүгө;
  • жерди мелиорациялоого, саздарды кургатууга жана гидрологиялык режимдин түп-тамырынан өзгөрүшүнө алып келген башка иш-чараларга;
  • жаныбарлардын ийиндерин, уяларын жана башка жайларын бузууга, жумурткаларын, тыбыттарын чогултууга, ошондой эле жапайы жаныбарларга жана алар байырлаган чөйрөгө тикелей же кыйыр зыян келтирүүгө жөндөмдүү башка аракеттерди жасоого.

288