«Үйүм ботаникалык бактын жанында жайгашкан. Ар күнү бир эле көрүнүш кайталанат: ондогон жаш кыз-жигиттер түнкү клубдан таң атканда араң, мас абалда көчөгө чыгышат. Аймакка жакын жашагандар мас абалындагы адамдардын урушу, ызы-чуу, мушташ, тез жардам же милиция чакырылган окуялардын күбөсү болушат. Бул өтө тынчсыздандырарлык көрүнүш. Коомубузда адеп-ахлактык баалуулуктардын төмөндөшү — өтө оор маселе. Бишкекте канча түнкү клуб бар экенин так билбейм, бирок мындай көрүнүш дээрлик бардык жерде орун алат. Бул — өтө жагымсыз көрүнүш.
Түнкү клубдардын иштөө саатын кыскартуу сунушталды
