7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент эмгек майрамы менен кыргызстандыктарды куттуктады

713

Садыр Жапаров кыргызстандыктарды 1-май — Эмгек майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

«Урматтуу мекендештер!

Сиздерди Эмгек майрамыңыздар менен куттуктайм!

Бул майрам — ар бир иштин көзүн билип, күн сайын талбай эмгек кылуунун аркасында үй-бүлөбүзгө, коомубузга жана мамлекетибизге бакубатчылык менен байгер турмуш келе тургандыгын даңазалаган өзгөчө майрам.

Дүйнө жүзү боюнча көптөгөн өлкөлөрдө 1-май эл аралык эмгек майрамы катары белгиленип келет. Бул күн биздин өлкөбүздө узак жылдар бою муундан-муунга карай майрамдалып, тарыхыбыздын бир бөлүгү болуп калды. Жаздын толуп турган мезгилиндеги Эмгек майрамы жаңылануунун, жаңы ийгиликтерге жетүүнүн өзүнчө бир символикалуу датасына айланды.

„Эмгек барда — өнмөк бар“ деген накыл кеп сыңары, талбаган эмгек, темирдей эрк жана кайрат-күч гана мамлекетибиздин өнүгүп-өсүшүнө жол салат. Ошондуктан, тарых таасын далилдеп келгендей, талыкпастан эмгек кылуу менен алдыга умтулуп, аруу максат-тилектерибизге жетели. Белгилүү мамлекеттик ишмер атабыз Исхак Раззаков „Уйку таттуу, эмгек андан да ширин“ деп бекеринен айтпаган чыгар.

Урматтуу кыргызстандыктар!

Ак ниет, ак эмгек — ар бир коомдун ийгиликтүү өнүгүүсүнүн негизи. Биз адал эмгегибиз менен гана өз келечегибизди кура алабыз. Балдарыбыздын бактылуу келечеги биздин бүгүнкү күч-аракеттерибизден түздөн-түз көз каранды.

Бул күн бардыгыбызга өнүгүү үчүн түрткү боло турган жаңы-жаңы идеяларды, аларды ишке ашырууга күч-кубат бере турган күн болсун!

Улуттук дөөлөттү ушул күнгө чейин бекем сактап келген кыргыз журтубуздун кажыбас кайраты менен мээнетине, талыкпас аракети менен эмгегине таянып, өлкөбүздүн жаркын келечегин камсыз кылууга жетебиз деп бекем ишенем!»,- деди өлкө башчы.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

714