7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бакыт Төрөбаев: Биздин максат фармацевтика тармагын мындан ары өнүктүрүү

479

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев ата мекендик ишканалар менен таанышуу алкагында Чүй облусунун Сокулук айылындагы «Биовит» дары-дармек чыгаруучу заводдун ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ал өндүрүштүк жайларды, лабораторияларды кыдырып чыгып, ошондой эле жаңы заводдун имаратынын курулушу менен таанышты.

Ишканага барууда Бакыт Төрөбаев фармацевтикалык өнөр жай ассоциациясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Жыйында тармактын актуалдуу маселелери, анын ичинде мамлекеттик колдоо, маркировкалоо, дарыларды каттоо жана экспортту өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Бакыт Төрөбаев Министрлер кабинетинин ата мекендик өндүрүшчүлөрдү колдоого алууну жактай тургандыгын билдирди.

«Биздин максат – ата мекендик өндүрүшчүлөрдү колдоо, экономика, өнөр жай тармагын, анын ичинде фармацевтика тармагын мындан ары өнүктүрүүнү камсыз кылуу. Бул импортту алмаштыруу маселелерин чечип, өлкөнүн ички рыногун тийиштүү дары-дармектер менен камсыздап, келечекте экспортко чыгууга мүмкүндүк берет», — деди ал.

Белгилей кетсек, 100дөн ашуун адам эмгектенген ишканада 83 ашуун генерикалык дары-дармек каражаттары өндүрүлөт. Завод дары-дармектин дагы 32 түрүн чыгарууну пландаштырууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

480