7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Маркум унаа сатып иштеген. ИИМ шектүүнү табышкандарга ири суммада акча убадалады

352

Бишкек шаарындагы Ак-Ордо 3 конушунда жайгашкан үйлөрдүн биринен эки адамдын жансыз денеси табылды. Окуя 3-октябрь түнү болгон. Шектүү үйдүн дарбазасынан секирип кирип, агасы менен карындашын бычактап, из жашырып кеткен.

Окуя болгон үйдө шектүүгө таандык кызыл түстөгү кепкасы калган жана анын видеосу камераларга түшүп калган.

Учурда бул кылмыш ишин ИИМ министри Улан Ниязбеков өз көзөмөлүнө алып, жеринде ыкчам штаб уюштурулуп, 100гө чукул милиция кызматкери иш алып барышууда.

«ИИМ купуялуулукту кепилдеп, анын кайда экенин аныктоого жардам бере турган ишенимдүү маалымат үчүн ири акчалай сыйлык убада кылат», — деди Нурбек Абдиев.

Кошумчалай кетсек, Ак-Ордо-3тө өлтүрүлгөн киши унаа сатып иштечү. Анын машинасынан ири суммадагы акча табылганын милициядан билдиришти.

353