7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ак-Ордодо 750 орундуу дагы бир жаңы мектеп курула баштады

193

Ак-Ордо конушунда 750 орундуу жаңы мектептин курулушу жүрүүдө. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдирди.

Объектти каржылоо республикалык бюджеттин эсебинен каралган. Учурда имараттын экинчи кабатын көтөрүү иштери аткарылууда. Долбоорго ылайык, билим берүү мекемеси 4 блоктон турган 3 кабаттуу имараттан турат.

Мектеп заманбап үлгүдө курулуп, окуучулар үчүн бардык керектүү шарттар түзүлөт. Алсак, химия жана физика сабактары үчүн атайын лабораториялар, информатика классы, эмгек кабинеттери, ашкана жана китепкана каралган. Ошондой эле бардык жабдыктары менен спорттук зал курулат.

Мындан сырткары, мектептин короосунда жайкы футбол, волейбол жана баскетбол аянтчалары болот. Жаңы билим уясы пайдаланууга берилсе, аймактагы мектеп орундарынын таңкыстыгы жоюлат.

194