Россиялык альпинист Евгений Глазуновдун жансыз денеси Баткен районундагы Ак-Суу капчыгайында табылды. Бул тууралуу mountain.ru жазды.
Глазунов 12-февралда чокуга жол тартып, акыркы жолу 16-февралда байланышка чыккан.
Буга чейин аны ӨКМдин куткаруучулары жана россиялык үч альпинист издеп жаткан.
Белгилей кетсек, Ак-Суу чокусунун бийиктиги 5 355 метрди түзөт.