7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ак-Сууда каза болгон малчынын өлүмүнө шектүү жаран кармалды

1233

10-июлда Москва районунун Ак-Суу капчыгайындагы жайлоодо болжол менен 55-60 жаш курактагы белгисиз эркек кишинин киши колдуу болгон сөөгү табылгандыгы маалым болгон.Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы, аталган кылмышка шектүү жаран кармалгандыгын кабарлайт.

Маалыматка ылайык,  Москва РИИБинин криминалдык кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш амалдарынын натыйжасында буга чейин оор кылмышка шектелип издөөдө жүргөн 1967-жылы туулган Н.А. кармалган.

Учурда  Москва РИИБдүн убактылуу кармоочу жайына киргизилип,  сотко чейинки өндүруш иштери улантылууда.

Шектүү жаран милиция кызматкерлеринен Бишкек шаарынын аймагында жашынып жүргөн. Алдын ала маалыматтар боюнча, каза болгон жаран менен кылмышка шектүү экөө жайлоодо малчы болуп бирге иштеген.

Каза болгон жарандын өздүгү тактала элек,  тийиштүү иш-чаралар жүрүп жатканын Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1234