7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкек шаарынын мэрлигине талапкерлерди каттоо башталды

1197

Бишкек шаарынын мэрин шайлоо 2021-жылдын 26-августуна дайындалды, шайлоо саат 9:00дөн 12:00гө чейин өткөрүлөт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жарыяланды.

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы Бишкек шаарынын мэрлигине талапкерлерди каттоо үчүн документтерди кабыл ала баштады. Кабыл алуу 20-август 18:00дө токтойт.

Мэрликке талапкерди көрсөтүүгө шаардык кеңештин депутаттык фракциялары, фракциялардын коалициялары жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы укуктуу.

Талап кылынган документтер;

1) талапкерди көрсөтүү жөнүндө чечимин;

2) талапкердин көрсөтүлүүгө макулдугу жөнүндө арызын;

3) талапкердин фамилиясы, аты-жөнү, туулган күнү, ээлеген кызматы (ишинин түрү) жана жашаган жерин көрсөтүлгөн өмүр баянынын маалыматтарын;

4) “Борбордун статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин талаптарын ырастаган тиешелүү документтерди (Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун көчүрмөсү, жогорку билим жөнүндө дипломдун жана эмгек китепчесинин нотариус күбөлөндүргөн көчүрмөсү);

5) шаар мээринин кызмат ордуна талапкерде соттуулугунун жоктугу жөнүндө маалымкатты же соттуулугунун жоюлгандыгы жөнүндө (оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттуулугунан тышкары) соттун мыйзам тартибинде белгиленген чечимин;

6) мамлекеттик тилди билүү деңгээли жөнүндө сертификатты;

7) белгиленген формадагы жеке маалыматтарды жыйноого жана иштеп чыгууга толтурулган макулдук (Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 759 токтому менен бекитилген).

Бишкек шаарынын мэрлигине талапкерлерди көрсөтүү шарттары жана тартиби тууралуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын www.shailoo.gov.kg расмий сайтына жайгаштырылган “Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерин шайлоо жөнүндө” Жободон кеңири таанышса болот.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1198