Казакстандын Караганды облусунда карантин кезинде той кылганы үчүн аткаминер кызматынан бошотулду. Облус акимчилигинин расмий маалыматына караганда, облустук жер катнаштары башкармалыгынын жетекчиси Калел Максутов карантин режимин бузганы үчүн иштен алынган.
Маалыматка ылайык, 7-августта 109 кызматына калаадагы тойканалардын биринде той өтүп жатканы тууралуу кабар түшкөн. Окуя болгон жерге полиция, санэпидстанция жана акимчилик өкүлдөрүнөн куралган мобилдик топ барган. Той токтотулган, имараттын ичинде 400дөй киши болгон. Тойкананын ээси менен уюштуруучуга айып пул салынган.
“Дагы да эскертем, мындай мыйзамсыздык үчүн жаза өтө катаал болот. Мында мамлекеттик кызматкердин кызматтык этикасынын бардык нормалары бузулган”, — деди облус акими Жеңиш Касымбек аппарат жыйынында.
Эскерте кетсек, Караганды облусу “кочкул кызыл” зонада. Аймакта күн сайын миңге чукул киши COVID-19 вирусун жуктуруп алууда.