Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Ош шаарынан «Бексултан» базарында рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө тамеки буюмдарын акциздик маркаларсыз сатуу фактыларын аныкташты. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, жыйынтыгында 50 миң сомдон ашык суммадагы акциздик маркасыз 1 361 куту тамеки буюмдары кармалган.
Салык кызматы контрафакттык, анын ичинде акциздик маркасыз жана жасалма акциздик маркалар менен тамеки буюмдарын сатууга жоопкерчилик каралгандыгын эскертет.
Соода түйүндөрүнүн ээлерине жана сатуучуларга карата КР Жаза кодексине, Жоруктар жөнүндө Кодексине жана Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жаза-чарасы көрүлөт.
Эскерте кетсек, салык кызматы жарандарды контрафакттык же жасалма тамекилер кездешкен учурда жергиликтүү салык органына, ошондой эле 116 же (0779) 61-31-89 (whatsapp) номерлери боюнча кайрылыңыздар.