7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
26272829  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ак-Сууда тургундун үйүнөн курал-жарак табылды

202

Ысык-Көлдө жергиликтүү тургундан ок-дарылар табылды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

«Ноябрь айынын ортосунда Ак-Суу РИИБдин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын ыкчам кызматкерлерине райондун тургундарынын бири өз үйүндө ок атуучу куралдарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз сактап жүргөндүгү тууралуу маалымат түшкөн.

Маалымат РИИБге катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренеси (куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) менен кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө, маалыматта көрсөтүлгөн адамдын өздүгүн аныкташкан. Ал Ичке-Жергез айылынын 47 жаштагы тургуну болуп чыккан жана анын жашаган жеринде мыйзамдуу тинтүү иштери жүргүзүлдү» — деп айтылат маалыматта.

Тинтүү учурунда милиция кызматкерлери тарабынан 2 даана «ТОЗ-8» үлгүсүндөгү ок атуучу куралдары, 10 даана 7,62 калибрдеги жана 10 даана 5,45 калибрдеги октор, 1 даана бычак, 1 окуу гранатасы жана баштыка салынган жапайы кара куурайдын өзгөчө жыты бар кургатылган өсүмдүк алынган. Алдын ала таразага тартуу учурунда алынган кургатылган өсүмдүктүн салмагы 1 килограмм 250 граммды түздү.
Соттук-баллистикалык жана соттук-химиялык экспертизалар дайындалды. Тергөө амалдары уланууда.

203