17-апрелинде, Баткен районунун Ак-Сай айылында жайгашкан,Ак-Суу дарыясындагы башкы суу бөлүштүрүүчү жайда жүрүп жаткан, оңдоп түзөө жумуштарына, Тажикстан тараптын чек арачылары, жумушту биргеликте жасайбыз деп, токтотууну талап кылышкан.
Окуя боюнча КРнын Мамлекеттик чек ара кызматы тарабынан, кыргыз тараптын суу чарба кызматкерлери менен тажик айылынын 50гө жакын тургуну таш ыргытып чатакташкандыгы тууралуу маалымат тараган.
Баткен облустук ички иштер башкармалыгы расмий маалымат таратып, «Бул маалымат чындыкка дал келбейт. Массалык чыр чатакка жол берилген эмес. Бул боюнча жана буга далилдүү видеолор бар«, -деп билдирет.
«Окуя боюнча эки тараптын жергиликтүү бийлигинин жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери жолугуп, кырдаалдын курчуп кетүүсүнө жол берилген жок.
Эске сала кетсек, мындан 7жыл мурда, 2014-жылы аталган башкы суу бөлүштүрүүчү жайында, эки тарап кагылышып, согуштук оор техникалар колдонулуп, жараат алгандар болгон.
Мындай учурдан пайдаланып, провокациялык маанидеги маалыматтардын тарашына жана Баткен облусунун чек аралаш аймактарында кырдаалды курчутууга кызыкдар күчтөр бар экендигин билдиребиз.
Чек арадагы кырдаалды курчутуп, андан өз кызыкчылыгын ишке ашырууну каалаган күчтөр, аткезчилик менен алектенген жарандар, аткезчилерди буга чейин калкалаган чиновниктер, кызмат абалынан кабатыр болгон жетекчилер экени аныкталууда. Алар социалдык тармактар аркылуу да, облус бийлигинин дарегине каршы пикирлерди жарыялоо менен, коомчулуктун нааразычылыгын жаратууну көздөшүүдө», -деп жазылган.
Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, облустун чектеш аймактарында коомдук коопсуздукту сактоо, аткезчилик сыяктуу мыйзамсыз иш аракеттерге бөгөт коюу, чыр чатактарга жол бербөө боюнча иш аракетин активдүү жүргүзөт жана чек ара айылдарынын инфраструктурасын чыңдоо, элинин бакубат жашоосун камсыз кылуу багытында иш чараларды улантат.