7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ак-Суудагы дыйкандарга 40 тонна арпа жана 20 тонна буудай үрөнү берилди

3

Ак-Суу районундагы дыйкандарга 40 тонна арпа жана 20 тонна буудай үрөнү берилди. Бул тууралуу Cуу ресурстары, айыл чарба министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу району боюнча дыйкандарга жеңилдетилген шартта 20 миң литр күйүүчү май бөлүнүп берилди. Мындан тышкары, кошумча 32 миң литр күйүүчү май алуу үчүн дыйкандар тарабынан каражаттар банкка топтолду.

Ага кошумча мамлекеттик колдоонун алкагында, дыйкандарга 40 миң килограмм арпа жана 20 миң 400 килограмм буудай үрөнү берилди.

«Көрүлүп жаткан чаралар жазгы талаа иштерин өз убагында жана сапаттуу жүргүзүүгө шарт түзөт. Учурда жергиликтүү бийлик жана тиешелүү мекемелер дыйкандарды колдоо иштерин улантып, талаа кампаниясынын уюшкандыкта өтүшүн камсыздоодо», — делет маалыматта.

4