7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Пекин – Бишкек – Пекин багыты боюнча туруктуу авиакаттам ачылат 

358

2026-жылдын июль айынан тартып «Air China» авиакомпаниясы Пекин – Бишкек – Пекин багыты боюнча жумасына үч жолу туруктуу каттамдарды аткарып баштайт. Жаңы маршрут өлкөлөр ортосунда саякаттоо, бизнес жүргүзүү жана маданият алмашуу үчүн дагы көбүрөөк мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Бишкектен буга чейин эле «China Southern»авиакомпаниясы жумасына алты күн каттамдарды аткарып келет, ал эми «Air China» компаниясы каттамдарды аткарып баштаса Кытай менен авиабайланыш мындан дагы ,ыңгайлуу жана жеткиликтүү болот.

Түз авиабайланыш — бул жөн гана ылдамдык жана комфорт эмес, ошондой эле жаңы туристтик, гуманитардык жана экономикалык кызматташтыктар. Ар бир каттам — Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы достукту жана өнөктөштүктү бекемдөөгө карай жасалган маанилүү кадам.

 

359