16-20-октябрга чейин өлкө аймагында “Кошумча жабдык” аталышындагы өтүп жаткан рейддик иш-чаранын алкагында Казакстан менен Кыргызстан өлкөлөрүнүн ортосундагы «Ак-Жол» көзөмөл-өткөрмө жайынан өтүп жаткан унаалар текшерилди.
Мыйзамсыз кошумча бак орнотуп, кошуна өлкөдөн күйүүчү май ташыган 6 “Toyota Land Cruiser” үлгүсүндөгү унаалар жана 1 автобус кармалганын ЖКККББдан билдирди.
Учурда унаалар айып короо жайына киргизилип, тийиштүү материалдар тергөө кызматына өткөрүлүп берилүүдө. Рейддик иш-чара мындан ары да улантылат.
Посмотреть эту публикацию в Instagram