Өткөн жума Араванда 12 жаштагы бала асынып каза болду деген маалымат таркаган. Соттун медициналык экспертиза анын киши колдуу болгондугун аныктаган. Бүгүн, 28-июнда маркумдун өлүмүнө шектелип, 16 жаштагы өспүрүм кармалгандыгын Ош ОИИБинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, маркум жашаган үйдөн жалпы суммасы 900.000 сомго жакын накталай акча каражаттары жоголгундугу аныкталган. Ыкчам-тергөө аракеттеринин жүрүшүндө, Ак-Сарай айылынан, кылмышка шектүү Ю.А. нын үйүнө жакын бактын ичинен далил буюм катары уурдалган акчалардан 783 500 сому табылган.
Кылмышка шектүү Ю.А. 16 жашта болгондуктан, Араван райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын үй-бүлөнү коргоо бөлүмүнүн кызматкери, жактоочусу жана тай атасынын катышуусунда сурак алынууда.
Ал, 25-июнь күнү тууганынын акчасын уурдап жатканда жээни көрүп калгандыктан, кылмышты жашыруу үчүн баланын колун байлап, мууздап салганын толугу менен мойнуна алган.
Мындан улам, КРнын ЖПКнын 98-беренеси менен иш козголуп, кылмышка шектүү Араван РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.