7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Акимдик кызматты убадалап 50 миң доллар алууга шектелген жаран кармалды

678

Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБдин ыкчам кызматкерлери алдамчылыкка шектелген жаранды кармашты.

2023-жылдын 21-июнунда милицияга Т.И. аттуу жаран О.Б. жана Ш.Т. аттуу жарандарга карата чара көрүү арызы менен кайрылган. Себеби алар «облустун региондорунун биринин башчысы кызматына ишке орноштуруп берем жана өлкө жетекчилиги менен байланышым бар» деген шылтоолорду айтып, жабырлануучунун 50 миң доллар өлчөмүндө акча каражатын ээлеп алышкан. Андан соң жүргөн жерин жашырып кетишкен. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарынын аймагында милиция кызматкерлери тарабынан 1992-жылы туулган О.Б. аттуу шектүү аныкталып, кармалды. Тергөө кызматына жеткирилип, Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Азыркы учурда анын ушул сыяктуу кылмыш фактыларын жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталууда.
Эгерде сиз кара ниет адамдын кылмыштуу аракеттеринен жабыр тарткан болсоңуз же кандайдыр бир маалыматка ээ болсоңуз, милиция төмөндөгү телефон номурлары аркылуу билдирүүнү өтүнөт: 0(700) 00-20-20 жана 102.

679