УКМК ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте, Ош шаарынын бильярд клубунун ичинде жана базардын аймагында тиешелүү лицензиясы жок кумар оюндарын мыйзамсыз жүргүзгөн мекемелерди, тактап айтканда, “Русский лото”оюндары уюштурулгандыгын аныктады.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, 29-февралда жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин негизинде кумар оюндарынын уюштуруучулары А.у.А. жана У.K.A. кармалып, аталган жайлар мөөр басылып жабылган.