7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Акматалиев: «Жакшыны жакшы, катаны ката деп айтсак, ар бир президент ошого ылайыкташат»

8

Али мырза бир топ маанилүү суроолорду даярдаптыр. Менимче, президент да » искренне», болгонун болгондой жоопторду берди. Суроолор деле алдын ала президентке же анын пресс службасына берилбегени байкалып турду. Мындай пикирин саясат таануучу Алмазбек Акматалиев Фейсбук баракчасына жазды.

«2-3 өтө маанилүү, жаңы жагдайларды ачкан, мурун белгилүү болбогон маалыматтар берилди. Өзгөчө Ташиев менен болгон мамилеси, сүйлөшүүлөрү, калың элге айтылбаган фактылар. Тенгиз Бөлтүрүк жөнүндө. Кыскасы, бул интервью маалымат талаасын дагы бир топ убакыт ээлегидей. Ар ким өзүнүн уккусу келгенин да, уккусу келбегенин да айта берет! Албетте, бул суроону эмне үчүн Али берген жок? деп Алини тепкилегендер да четинен чыгат. Азыркы журналистика ушундай өзү…

Мен үчүн эң маанилүү кайсы момент болду дебейсизби? Алинин » Президенттин ишине 10 баллдан 8 балл берем!»деген жери .Себеби эң жөнөкөй. Алидей ар бир коомдук окуяга сын көз менен караган, фактыларды мыкты анализдей алган, ар дайым өз позициясы бар, эч ким тарапка мансап үчүн эч качан ооп кетпеген, чыгаан журналист жана инсан ушундай баа берип атканы орусча айтмакчы » знаковое событие».

Демек,» факты упрямая вещь» деген чын экен деп койдум. Президентти айга-күнгө теңегендер бар. Президентти сөгүп-сагып, жек көргөндөр да бар. Чоң саясатчынын тагдыры ошондой болот өзү! Бирок, ар дайым чындыкты Али Токтосунов сыяктуу коомдук топ чагылдырып келген! Жакшыны жамандан, акты карадан айырбаштаган топ.Эмоция менен эмес, жүрөк жана акыл менен баалаган топ! Жетишкендик менен кошо алешемдиктерди, каталарды да белгилеп, көрсөтүп келген топ!

Шайлоо жакындаган сайын бул топтун реалдуу мүчөлөрү көбөйө береерине шек жок. Калыс сөз, калыс пикир, калыс баа. Президент деле өзгөчө, обу жок мактап-жактоого муктаж эмес деп ойлойм. Тэк гана жакшыны жакшы деп, катаны ката деп айтып турганды үйрөнсөк, ар бир Президент ошого ылайыкташа баштайт. Алга Кыргызстан!» — деп жазган Акматалиев.

9