7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

АКШда кыргызстандык 2 жигит жол кырсыгынан көз жумду

571

Тышкы иштер министрлиги 4-мартта “АКШда кыргызстандык эки жаш жигит жол кырсыгына кабылды” деп жарыяланган маалымат боюнча төмөндөгүлөрдү билдирет.

Кыргызстандын Америка Кошмо Штаттарындагы Элчилигинин маалыматы боюнча, Пенсильвания штатынын Филадельфия шаарындагы ылдам жол шоссесиндеги кырсыгынын кесепетинен Кыргыз Республикасынын эки жараны каза болгон. КРнын чет өлкөлүк мекемеси тарабынан каза болгон жарандардын өздүгү аныкталды (2002-ж.т. Б.А., 2003-ж.т. Е.Т.) жана алардын туугандары менен ыкчам байланыш жүргүзүлүүдө.

Учурда КРнын Элчилиги тарабынан кырсыктын бардык жагдайларын тактоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп, каза болгондордун сөөгүн мекенине жеткирүү маселеси каралып жатат.

572