7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

АКШнын тынчтык планына Украина 27-ноябрга чейин кол коюушу керек

119

Америкалык чиновниктер Зеленский кийинки жуманын бейшембисине чейин планга кол коюп берсе, аны Москвага көрсөтүп, декабрдын башында тынчтык орнотуу процессин аягына чыгарууга ниеттенип жатышат. Бул тууралуу Бул тууралуу украин аткаминерлерине таянуу менен Financial Times жазды.

Маалыматка ылайык, Владимир Зеленский 27-ноябрга чейин кол коюп бериши керек. Бирок Украина АКШнын планынан баш тартуусу мүмкүн болууда. Зеленскийдин кеңсесиндегилер пландын айрым пунктуларына Киев караманча каршы экенин айтышкан. Мындан тышкары, украин режими америкалыктар үчүн өзүнүн сунушун иштеп чыгып жатканы белгилүү болду.

Чет элдик ЖМКлардын жазганына караганда планда төмөнкүлөр да каралган:
  • АКШнын коопсуздук кепилдиги үчүн Донбассты толугу менен Россиянын карамагына берүү;
  • Запорожье жана Херсон облустарындагы кагылышууну жүрүп жаткан жеринен токтотуу;
  • Донбасс менен Крымды Россиянын аймагы катары расмий таануу;
  • Киевге америкалык жардамдын кыскартылышы;
  • Украинада чет өлкөлүк аскер күчүн жайгаштырууга тыюу салуу;
  • Киевдин Россиянын тереңине сокку уруучу куралга ээ болуусуна жол бербөө;
  • Православ чиркөөсүнө расмий макам берүү жана орус тилин мамлекеттик тил деп жарыялоо;
  • Россияга салынган санкцияларды алуу.
Reuters басылмасынын жазганына караганда, Вашингтон Владимир Зеленскийге планга кол коюшу керектигин кыйыткан.
Ал эми шаршемби күнү Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков планга РФ менен АКШ лидерлеринин Аляскадагы макулдашуусунан тышкары жаңы эч нерсе кошулбаганын билдирди.
120