2024-жылдын 5-февралынан тартып Жалал-Абад облусунун Аксы районунда 2002-жылдын 17-18-март окуяларында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткандарга социалдык төлөмдөрдүн өлчөмү көбөйтүлдү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Жөлөкпулдун өлчөмү 3700 сомдон 4500 сомго жогорулады.
Кошумча жөлөкпулдун бул түрүн алуучуларга, 2023-жылдын 1-сентябрынан тартып кайра эсептөө жана төлөө жүргүзүлөт.