Аксы районунда күйөөсү аялын өлтүрүүгө шектелип жатат. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдирди.
Маалыматка ылайык, 10-январь күнү Аксы РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Үч-Коргон айылдык ооруканасынан билдирүү түшкөн. Анда 10-январь түнкү саат 03:00 чамасында Аксы районунун Үч-Коргон айылынын 1974-жылы туулган аялды денелери көгала, эс-учун жоготкон абалда тез жардам кызматы алып барганын билдирген.
Аталган факты Аксы РИИБдин маалыматтарды электрондук каттоо журналына катталып тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталган.
Аял 10-январга караган түнү саат 01:40 чамасында тез жардам кызматы менен жеткирилип, 10-январь күнү саат 09:22 чамасында каза болуп калгандыгы маалым болгон. Анын бир тууган агасы арыз менен кайрылып, карындашынын жолдошуна чара көрүүнү суранган.
Аксы РИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 130-берене (ден-соолукка оор залал келтирүү ) менен катталып, кылмыш иши козголгон. Козголгон кылмыш ишинин алкагында, кылмышка шектүү катары 1974-жылы туулган Аксы районунун тургуну кармалып, Аксы РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.