7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аксыда мектеп курууда 7 млн сом уурдалган

352

Аксы районунун прокуратурасы тарабынан мектептин курулушунда 7 млн 198 миң 990 сом каражатты ыйгарып алуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду.

Текшерүүдө Сары-Челек айыл аймагындагы №18 Э.Арстанбаев атындагы орто мектептин имаратын куруу иштеринде “МК С.” ЖЧКсы сметада каралган иштерди толук аткарбай, жасалма актылар аркылуу каражаттарды мыйзамсыз өздөштүргөнү аныкталды.

Ал эми, тийиштүү мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары курулуштун толук бүткөн-бүтпөгөндүгүн текшербестен акчаны которуп, объектти пайдаланууга кабыл алышкан.

Бул факт боюнча «Ишенип берилген өзгөчө ири өлчөмдө акча каражаттарын ыйгарып алуу же коротуу» беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери Аксы РИИБнө тапшырылды.

Учурда зыяндын ордун толтуруу жана күнөөлүү адамдарды аныктоо боюнча иштер улантылууда.

 

353