Аксыда милиция кызматкерлери муктаж үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүшүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Аксы РИИБдин КККнын участкалык инспекторлору өздөрүнүн тейлеген аймагында жашаган аз камсыз болгон жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жакындан жардам көрсөтүшүп, жергиликтүү тургундар менен тыгыз байланышта.
Ал эми Базар-Коргон РИИБдин жашы жете электер менен иштөө инспекторлору райондук спорт комитети менен биргеликте, район жана шаар аралык мектеп окуучулары арасында, спорттун бокс түрү боюнча А.Худайбердиев мектебинин спорт залында жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу максатында мелдеш өткөрүштү. Мелдештин жыйынтыгында женүүчүлөр уюштуруучулар тарабынан даярдалган баалуу белектер жана грамоталар менен сыйланышты.