7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аксыда жаранга ок атып, автоунаасын айдай качкан жигит кармалды

475

Аксыда жаранга ок атып, автоунаасын айдай качкан жигит кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, 8-ноябрдан 9-ноябрга караган түнү саат 2:30 чамасында Аксы районунун тургуну 1996-ж.т. А.С. Кербен шаарында “ВАЗ 2107” үлгүсүндөгү автоунаасында отурган кезде, “Эрнис” аттуу бала ок атуучу курал менен 2-3 жолу ок атып, автоунаасын ээлеп алып, белгисиз тарапка айдап качып кеткендиги тууралуу билдирүү Аксы РИИБдин 102 телефонуна келип түшкөн.

Натыйжада А.С. денесинен алган жараатынан улам аймактык ооруканага жаткырылган.

Жогорудагы окуя боюнча топтолгон материалдар 2021-жылдын 9-ноябрь күнү Аксы РИИБдин кылмыштардын жана жоруктарбын бирдикүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 39-130-беренеси боюнча, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Текшерүү иштеринин жүрүшүндө, окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, 4 (төрт) даана октун гилзасы табылып, далил буюм катары алынган.
Аксы РИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө окуяга катыштыгы бар жарандардын өздүктөрү такталган. Алар Аксы районунун тургундары 1997-ж.т. М.А. жана А.Н. экендиктери белгилүү болгон.

2021-жылдын 9-ноябрь күнү М.А. Аксы милициясы тарабынан кармалып, райондук соттун чечими менен 2 айга убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Ал эми жабырлануучунун “ВАЗ 2107” үлгүсүндөгү автоунаасы Кербен шаарында токтоп турган жеринен табылган.

Азыркы учурда окуяга катыштыгы бар А.Н.нын жүргөн жерин аныктап, тергөөгө камсыздоо иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

476