7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аксыдагы күйүп кеткен оорукананын чатырын жабууга 6 млн сом бөлүндү

353

Аксы районунун Кербен шаарындагы Жалпы дарыгердик практика борборунун күйүп кеткен чатырын жабууга 6 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Кечээ 13-мартта Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова, Аксы районунун акими Замирбек Сыдыков, Жалал-Абад облусунун саламаттыкты сактоо координатору жана Жалал-Абад облусунун ММК фондунун аймактык башкармалыгынын башчысы Аксы Жалпы дарыгерлик практика борборунун өрт чыккан корпусуна барып, өрттөнгөн имараттын абалы жана башка бөлүмдөрдүн иши менен таанышышты.

Текшерүү учурунда министр оорукананын кызматкерлери, бейтаптар жана кош бойлуулар менен баарлашты.

Эскерте кетсек, 13-мартта аталган ооруканада өрт чыккан. Өрт саат 11:10до чектөөгө алынып, толук саат 11:23тө өчүрүлгөн. Ооруканадан 72 жаран эвакуацияланып, жабыркагандар болгон эмес.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

354