7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Актриса Анджелина Джоли тууралуу кызыктарды билгиңиз келеби?

957

Анджелина Джоли Голливуддагы эң ийгиликтүү актрисалардын бири. Жашына карабай, ал дагы деле эң сулуу атактуу айымдардын тизмесине кирет. Анджелина Джоли тууралуу кызыктуу фактылар менен бөлүшөбүз.

1. Джоли чыныгы фамилиясы эмес.

Анджелинанын чыныгы фамилиясы Войт, бирок ал атасы менен мамилеси жоктугунан улам, фамилиясын өзгөртүүнү чечкен.

2 Актрисанын каны аралаш.

Ата тарабында — словак жана немис, эне тараптан — француз-канада, голланд жана немис.

3. Актриса жаш кезинде бардык мүмкүн болгон баңгизатты, анын ичинде кокаин, героин жана экстази сыяктуу наркотиктерди колдонуп көргөн. Джоли бир нече жолу анын балалыгы начар өткөнүн айтып келген.

4. Анджелина Джоли сологой.

Сологойлугунан улам кыйынчылыктарга дуушар болуп келет.

5. Социалдык тармактарга кирбейт.

Голливуд примадоннасы социалдык тармактарды кескин жана аң-сезимди бузат деп четке кагат. Балдарынан да ушундай тартипти талап кылат.

6. Анджелина ата-энесинин жолун жолдоп, актрисалык багытты тандаган.

7. Анджелина Джоли сертификатталган учкуч .(пилот)

2004-жылы актриса учкучтук лицензия алган. Ал тургай өзүнүн учагы бар. Анын айтымында, ал учкуч болгонду (пилот) дайыма учактарга суктанган уулу үчүн үйрөнгөн.

8. Анжелина Джоли 11 жашында апасынын талабы менен моделдик кесипти баштаган.

9. Актёрдук карьерасынан тышкары, Анжелина биринчи кезекте өзүнүн гуманитардык жардамы менен белгилүү.

Ал дүйнө жүзү боюнча качкындар үчүн иш-чараларга катышып, кайрымдуулук иштерине өзүн арнайт.

10. Анджелина Джоли депрессияга көп кабылган.

Ал кичине кезинде атасыз өскөндүгү үчүн жана өтө эле арык болгону ага жакпай , көп кыйналган. Өзүнүн келбетин жактырчу эмес.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

958