Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Азиз Мурадиллаев 44 жашында көз жумду. Бул тууралуу суук кабарды Ассоль Молдокматова жарыялады.
Бул кабар тууралуу Молдокматовага актёрдун жубайы Эльвира билдирген.
Анын акыркы каалоосу сөөгүн «Ала-Арча» көрүстөнүнө берүүсү болгон.
Эскерте кетсек, 3-декабрда актёр реанимацияга түшүп, боорду алмаштыруу үчүн операцияга президент Садыр Жапаров 42 миң доллар берген. 15-декабрь күнү абалы кайрадан начарлап, тез арада башка өлкөгө учуу керектиги маалым болгон.
7-каналдын жалпы жааматы жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.