Актёр, режиссёр Бакыт Осмонкановдун үйүндө толуктоо болуп, ал үчүнчү ирет ата болду. Бул тууралуу ал Instagram баракчасында жазды. Актёрдун жубайы бүгүн, 13-декабрда борбордогу төрөтканалардын биринде көз жарды.
«Пандемия шартында төрөтканага ашык адамдарды киргизбей жатканына байланыштуу төрөткө катышкан жокмун. Эне, баланын абалы жакшы. Уулубуз 3 килограмм 500 грамм салмакта төрөлүп, бою 52 сантиметр болду. Азырынча балабызга ысым тандап жатабыз«, — дейт ал.
Бакыт Осмонканов 2013-жылы сүйүктүүсү Жылдыз айымга баш кошкон. Түгөйлөр буга чейин бир уул, бир кызды тарбиялап келишкен.