7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Акыйкатчы: Мамлекеттик органдардын сайттары майыптыгы бар адамдарга колдонууга ыңгайсыз

142

Акыйкатчы институту жүргүзгөн мониторингдин жыйынтыгында Кыргызстандагы 18 мамлекеттик интернет-ресурстун бири да майыптыгы бар адамдар үчүн санариптик жеткиликтүүлүк талаптарына толук жооп бербегени аныкталды.

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Конституция майыптыгы бар жарандарды басмырлоого жол бербестигин жана ар бир адамдын укуктары менен эркиндиктери бирдей кепилдерин белгилейт.

Мониторинг 2026-жылдын июнь-июль айларында “Плюс” коомдук фонду менен биргеликте, Кыргызстандагы БУУӨПтүн колдоосу менен жүргүзүлдү.

Изилдөө майыптыгы бар адамдар мамлекеттик органдардын сайттарын өз алдынча пайдаланып, керектүү маалыматты алып, электрондук формаларды толтура алабы жана санариптик кызматтарды бирөөнүн жардамысыз колдоно алабы деген маселелерди баалоо максатында өткөрүлдү.

Мониторингдин жүрүшүндө клавиатура менен иштөө жана экранды окуу үчүн JAWS программасынын жардамы менен колдонуу  мүмкүнчүлүгү, экрандагы бардык маалыматтарды (тексттерди,тизмени, шилтемелерди) үн чыгарып окуп берүү,  маалыматты үн менен гана уктурбастан, атайын Брайль шрифтин көрсөтүүчү электрондук дисплейлерге чыгарып берүү, көрүүсү начарлар үчүн  компьютерди толугу менен клавиатурадагы атайын кыска жолдор (горячие клавиши) аркылуу башкаруу жолдору текшерилди.

Сайттар WCAG эл аралык стандартынын сунуштамаларынын негизинде бааланды. Мониторингдин жыйынтыгы боюнча ар бир интернет-ресурска  стандарттын ченемдери боюнча баа берилди.

Мониторинг жүргүзүлгөн интернет-ресурстар:

  1. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги — 15%.
  2. Бишкек шаарынын мэриясы — 15,8%.
  3. Маалыматтын жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн борборлоштурулган порталы — 18,8%.
  4. «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААКы  — 20%.
  5. «Мектеп» маалыматтык системасы — 21,1%.
  6. Саламаттык сактоо министрлиги — 22,2%.
  7. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги — 22,2%.
  8. Башкы прокуратурасы — 26,3%.
  9. Мамлекеттик салык кызматы — 26,3%.
  10. Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги— 26,7%.
  11. «Балалык» Мамлекеттик автоматташтырылган аппараттык системасы — 31,6%.
  12. «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКы — 31,6%.
  13. Юстиция министрлиги — 33,3%.
  14. Агартуу министрлиги — 33,3%.
  15. Социалдык фонд — 45%.
  16. Ош шаарынын мэриясы — 47,4%.
  17. «Укуктук маалыматтардын борборлоштурулган маалыматтар банкы» — 52,9%.
  18. «Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам» — 68,4%.

 

 

143