7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
2425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Акыйкатчыга кайрылган аял: Күйөөм, кызым, күйөө балам мени байлап, жер төлөдө кармашты

604

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Ысык-Көл областынын эли менен жолугушуу өткөрдү. Ага 170 тургун келди. Тургундардын көбү алардын укуктары бузулганын айтып даттанышты. Негизинен милиция, прокуратура, сот системасынын кызматкерлери тарабынан укуктары бузулуп жатканына арызданышты.

Каракол шаарынын дагы бир жашоочусу тергөө жана сот органдары үй-бүлөлүк зомбулук тууралуу анын арызын толук карабай коюшканын айтып, анын укуктарын калыбына келтирүүгө жардам берүүнү өтүндү.

“Туугандарым – күйөөм, кызым жана күйөө балам мени байлап жана жер төлөдө кармашты. Бул окуя эки жыл мурда болгон, бирок алар эмдигиче жазасын алыша элек. Ал эми өз маалында чара көрбөгөн тергөө органдарынын кызматкерлери дагы жазаланышкан жок. Болгону күйөөмө карата иш козгошту — сот аны шарттуу жазалоо тууралуу чечим чыгарды. Кайсы жакка кайрылбайын баары тең ары-бери жөнөтүшөт. Ысык-Көл областындагы Акыйкатчынын өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери өздөрүнүн билдирмелеринде баардык бузулууларды көрсөтүшкөнүнө карабай, тиешелүү мамлекеттик органдар кат жазып коюп гана отурушат”, — деп нааразы болду аял.

Областтык прокуратуранын өкүлү “арыз берүүчүнүн кайрылуусу боюнча текшерүү жүргүзүлгөн” деп жооп берди. “Милиция кызматкерлерине карата даттануучунун арызы боюнча бардык чаралар көрүлгөн. Ал эми анын арызы боюнча сот чечим чыгарган”, — деди прокуратуранын кызматкери.

Мындан тышкары жашоочулар жергиликтүү бийлик органдары чече турган бир катар маселелерди айтып чыгышты. Негизинен алар уй жана жылкыларды унаалар сүзүп кеткен учурлар көбөйгөнүнө кабатыр болушууда.

 

605