Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар КР акыйкатчысынын орун басарларын шайлоо жөнүндөгү маселени карашты.
Парламенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, акыйкатчынын орун басарлыгына Шухрат Айтиев менен Айчүрөк Назаралиеванын талапкерлиги көрсөтүлдү.
Жашыруун электрондук добуш берүүнүн жыйынтыгында акыйкатчынын орун басарлыгына Айтиев менен Назаралиева шайланды.